Биз жөнундо
Биздин тарыхыбыз
“Тойбосс” соода маркасынын ишмердүүлүгү 2009-жылы «Тойбосс» сэндвичтерин өндүрүү менен баштап, ал эми 2012-жылы колбаса азыктарын өндүрүүнү баштаган. Бул кыска мөөнөттүн ичинде, компания Кыргызстанда сапаттуу, табигый жана эң негизгиси даамдуу эт азыктарын ишенимдүү өндүрүүчүсү катары өзүн көрсөтө алды.
Компаниянын тарыхы Каракол шаарынан Астанага окуу жана акча табуу үчүн келген эки бир тууган Бектурсун менен Мырзабек Орумбаевдерден башталган. Алардын ишкердик иши 2005-жылы шаардын дүкөндөрүндө даяр сэндвичтердин жоктугун байкаганда башталган. Мүмкүнчүлүктү аны пайдаланууну чечишип, алар болгону 300 доллар менен гана бизнесин түптөшөт.
Таңгактоочу машина жана аз өлчөмдөгү азык-түлүк менен бир туугандар ижарага алынган батиринин ашканасынан бутерброд жасай башташты. Ашпозчулук чеберчилиги жок, бирок өнүгүү каалоосу менен алар өз продукцияларын жергиликтүү базарга чыгарышты. Сэндвичтерге суроо-талап акырындап көбөйө берди.
2009-жылы Астанадагы ийгиликтен кийин боордоштор мекенине кайтып, Бишкекте бутерброд чыгарууну чечишкен. Жаңы рынокто алар ар кандай кыйынчылыктарга туш болушуп, Астанадагыга караганда бир нече эсе көп иштешти. Бирок команданын өжөрлүгүнүн жана аракетинин аркасында Тойбосс сэндвичтери Кыргызстандын соода текчелеринен орун ала алды. Ошентип, учурда бутерброд, хот-дог жана башка даяр тамак-аш азыктарынын алдыңкы өндүрүүчүсү саналган "Тойбосс Сэндвич" соода маркасы пайда болду.
Сэндвичти өндүрүүдө бизнес туш болгон негизги кыйынчылык – сапаттуу адал колбаса үчүн ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн жетишсиздиги. Ошондуктан колбаса өндүрүү боюнча өз цехин ачуу чечими кабыл алынды. 2012-жылы цех иштеп, колбасалар алгач бутерброд үчүн гана чыгарылган. Бирок продукцияларга рынокто суроо-талап жаралды жана "Тойбосс"соода маркасы пайда болду.
Завод жана мал союу цехи санариптик болуп саналат, алар Адал жана HACCP принциптерине шайкештиктен тышкары, 2018-жылы компания TÜV Thüringen e.V. эл аралык уюму тарабынан ISO 22000:2005тин, ISO/TS 22002-1:2009тун жана FSSC 22000дин талаптарына сертификацияланган. FSSC 22000 сертификатынын болушу керектөөчүлөргө жеткирүүчүдөн сатып алуучуга чейинки компаниянын бардык иш-аракеттери сапаттын жана коопсуздуктун эң жогорку эл аралык стандарттарына жооп берерине кепилдик берет. Ошондой эле ушул жылы экспорттун кеңейишине жана көбөйүшүнө байланыштуу Казакстанда "Toyboss KZ" дистрибьютордук компаниясы да ачылган.
Миссиясы
Мыкты дүйнө үчүн мыкты өнүмдөрдү түзүү.
Биз аябагандай даамдуу жана жогорку сапаттагы стандарттарды жана продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эң мыкты өнүмдөрдү чыгарууга багытталганбыз. Ошону менен бирге биздин ишмердигибиз курчап турган дүйнөбүздү жакшыртып, биздин коом үчүн пайда алып келишине чоң маани беребиз.
Көз караштары
Биз керектөөчүгө, кызматкерге, коомго жана дүйнө жүзүнө кам көрүү менен Борбор Азиянын тамак-аш жана агроөнөр жай тармагында сапаттын, коопсуздуктун, ошондой эле ачыктыктын лидери жана үлгүсү болууга умтулабыз.
Баалуулуктары
Компаниянын түптөлүшүнөн баштап биз туура иш кылууга умтулуп, өзүбүз үчүн негизги баалуулуктарды орноттук. Булар биздин ишенимибизди чагылдырат жана биздин миссиябызга жетүүдө башкы багытыбыз болуп саналат. Ошентип, төмөнкү баалуулуктар биз кантип иштей турганыбызды, кандайча чечим кабыл алаарыбызды жана бири-бирибиз менен кандайча өз ара аракеттенээрибизди аныктайт.
Биздин кадыр-баркыбыз жана баалуулуктарыбыз керектөөчүлөрдүн ишенимине негизделет. Биз ар бир кардардын сатып алган продуктусу даамдуу гана эмес, алардын ден соолугу үчүн коопсуз экенин билүүгө аракет кылабыз. Демек, сапат жана коопсуздук – биздин продукциянын негизи болуп саналат. Биздин заводдор FSSC 22000 сертификаттарына ээ жана биз чийки заттын сапатын көзөмөлдөп, өндүрүштө коопсуздуктун жана сапаттын стандарттарын тыкыр карманарыбызды тастыктаган лаборатория бар. КР ДУМКсы жана Кыргызстандын мамлекеттик стандарты тарабынан тастыкталган биздин продукциялардын адал болуп саналары андан бетер маанилүү. Биз сертификатталган жеткирүүчүлөр менен гана иштешебиз, ал эми өзүбүздүн мал союу цехибиздин болушу бардык малдын адал принциптерине ылайык союлушун камсыздайт.
Тобоссто биз кызматкерлердин көпчүлүгү компаниянын негизги баалуулугу адамдардын өз ара мамилелери жана жетекчиликтин командага жасаган мамилеси деп эсептешээрине сыймыктанабыз. Бул үчүн биз кызматкерлердин карьерасын жана жеке өнүгүүсүн колдоо менен уникалдуу корпоративдик маданиятты түзөбүз. Мисалы, биз жыл сайын 30дан ашык кызматкерди Дубайга эс алууга жөнөтөбүз, бардык кызматкерлерди Ысык-Көлгө алып барабыз, окууларына жана стажировкаларына, анын ичинде чет өлкөлөрдө окуусуна да төлөйбүз, жарыштарга катышууга демөөрчүлүк кылабыз, корпоративдик спорттук иш-чараларды уюштурабыз, тренингдерге ийгиликтүү инсандарды чакырабыз. Бул – кызматкерлердин жыргалчылыгы үчүн Тойбоссто жасалып жаткан нерселердин кичинекей гана бөлүгү. Анткени ар бир адам – жалпы иштин гүлдөшүнө салым кошкон команданын баалуу бөлүгү.
Баалуулук компаниянын агро-азык-түлүк тармагында үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө жана лидер болууга умтулуусунан байкалат. Туруктуу өнүгүү жана инновация төмөнкүдөй деңгээлдерде жүрөт: 1.продукциялар: биз жаңы өнүмдөрдү түзүү жана иштеп жаткандарды өркүндөтүү үчүн жаңы ыкмаларды жана ингредиенттерди активдүү изилдейбиз. 2. процесстер жана технологиялар: биз эң алдыңкы жабдууларга инвестиция салабыз жана ишибизге алдыңкы ыкмаларды киргизүү үчүн дүйнөлүк эксперттер менен кызматташабыз. 3. корпоративдик маданият: биз кызматкерлерибиздин потенциалын ишке ашыруу, акыркы тенденциялардан кабардар болуу жана өз ишинде билимди натыйжалуу пайдалануу үчүн алардын жыргалчылыгына жана өнүгүүсүнө инвестиция салабыз.
Өлкөнүн өнүгүүсүнө инвестиция салуу – биздин миссиябыздын бир бөлүгү. Ошондуктан социалдык жоопкерчилик биздин ишибиздин борборунда турат. Биздин салымыбыз керектөөчүлөрдүн жана кызматкерлердин камкордугунда гана эмес, ошондой эле төмөндөгүлөргө камкордук көрүүдө: - Экологияда: биздин өндүрүштүк философиябыз таштандыларды азайтууга багытталган. Биздин бардык ишканалар заманбап тазалоочу курулмалар, энергияны калыбына келтирүү системасы менен жабдылган, ал эми канаттуулар фабрикасынын аймагында калдыктарды кайра иштетүүчү завод бар. - Коомдо: биз ар кандай кайрымдуулук, спорттук жана социалдык демилгелерди активдүү колдойбуз жана уюштурабыз. Мисалы, компания тарабынан жолдор оңдолуп, оюн-зоок жана спорттук аянтчалар, бала бакчалар жана жергиликтүү коомчулугубуздун өнүгүшүнө салым кошкон башка объектилер курулган.
Ийгилик чынчылдыкка жана ачыктыкка негизделиши керек деп терең ишенебиз, ошондуктан биз адеп-ахлактын жогорку нормаларын сактайбыз жана кардарлар, өнөктөштөр жана кызматкерлер менен чынчыл мамилелерди сактайбыз. Биз өндүрүш процесстеринен баштап, каржылык иш-аракеттерге чейин бизнестин бардык аспектилеринде ачык-айкынбыз. Ошондуктан биз заводдорубузга экскурсияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турабыз, тартып көрсөтүүлөргө ачык катышабыз, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча иштейбиз, өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналабыз жана финансылык жана өндүрүштүк аудиттерден үзгүлтүксүз өтүп турабыз. Биз кызматкерлер жана өнөктөштөр менен чынчылбыз, ошондой эле коом жана мамлекет алдында ачыкпыз.
Статистика
Кыргызстандын колбаса чыгаруучусу
сиз бизге ишенесиз. Биз дайым алдыга кадам таштайбыз
алдыңкы компания - агро-тамак-аш өнөр жай тармагында
адис компаниялар тобунда эмгектенет
камтуу: биз өлкөнүн бардык аймактарындабыз.
колбасанын жана деликатестин түрү бар. Алардын саны тынымсыз өсүүдө
өлкөдөгү эң ири салык төлөөчүнүн бири
сиздердин сүйүктүү өнүмдөрүңүз күнүнө чыгарылат