Toyboss
Toyboss
Toyboss
"Ustukan" оюну
Июль 8, 2025

«Тойбосс» компаниялар тобу Эл аралык каржылык корпорация (IFC) менен 10 миллион АКШ долларына чейинки каржылоо боюнча келишим түздү

Тойбосс «Тойбосс» компаниялар тобу Эл аралык каржылык корпорация (IFC) менен 10 миллион АКШ долларына чейинки каржылоо боюнча келишим түздү
Тойбосс «Тойбосс» компаниялар тобу Эл аралык каржылык корпорация (IFC) менен 10 миллион АКШ долларына чейинки каржылоо боюнча келишим түздү

«Тойбосс» компаниялар тобу Дүйнөлүк банктын мүчөсү болгон Эл аралык каржылык корпорация (IFC) менен сом эквивалентинде 10 миллион долларга чейин каржылоо боюнча расмий келишим түздү.

Инвестиция инкубатор куруу, комбикорм заводуна старт берүү жана өндүрүштүк кластерди модернизациялоо иштерине багытталат. Бул долбоор Кыргызстанда тоок этин өндүрүүнү кеңейтүүгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана фермерлер, кайра иштетүүчүлөр жана жергиликтүү дистрибьюторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Айыл чарба чынжырынын өнүгүүсү

Компаниянын жаңы өнүгүү этабы төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Жылына 115 миң тонна өндүрүмдүүлүгү бар комбикорм заводунун курулушу (анын бөлүгү жергиликтүү малчыларга да жеткиликтүү болот);

  • Ички инкубаторлорду ишке киргизүү жана инфраструктураны өнүктүрүү;

  • 3500дөн ашуун жергиликтүү фермерди камтыган жеткирүү тутумун кеңейтүү;

  • Жылына 78 800 тоннадан ашык чийки зат сатып алуу.

Иш орундар жана экономикалык салым

Долбоор аркылуу 655тен ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт, негизинен Чүй облусунун Кемин районунда. Компания жыл сайын мамлекеттик бюджетке 100 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөм төлөөнү пландоодо.

Импорттун ордун жергиликтүү өндүрүш алмаштырат

2024-жылы Кыргызстанга 67 миң тонна тоок эти импорттолгон, негизги камсыздоочулар — Кытай жана Россия. 2027-жылга чейин компания өз өндүрүшүн 12 миң тоннадан 15,5 миң тоннага чейин жогорулатып, ички суроо-талаптын 25%ын жабууну көздөөдө.

Мамлекеттик стратегияларга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкештик

Долбоор Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын жана 2040-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагына туура келип, төмөнкү Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) колдойт:

  • №1 — Жакырчылыкты жоюу

  • №2 — Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу

  • №8 — Экономикалык өсүш

  • №12 — Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш

IFC тарабынан колдоо — ишенимдин белгиси

IFC — бул жеке сектор менен иштеген дүйнөдөгү эң ири өнүгүү институту. Аталган уюм колдогон бардык долбоорлор катуу текшерүүдөн өтөт: каржылык ачыктык, туруктуулук жана корпоративдик башкаруу жагынан.

«Биз Эл аралык каржылык корпорацияны ишенимдүү бизнес өнөктөш катары көрөбүз. Биздин кызматташтык өндүрүштү өнүктүрүүгө дагы күчтүү түрткү берет», — деди Мырзабек Орумбаев, «Тойбосс» компаниялар тобунун башкы директору.

Компания IFC менен мурда да ийгиликтүү кызматташкан — эл аралык стандарты боюнча азык-түлүк коопсуздугу тутумун ишке киргизүүдө колдоо көрсөтүлгөн.

Бул жаңы келишим Кыргызстанда ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү бизнес эл аралык стандарттарга жооп берип, узак мөөнөттүү инвестиция тартууга жөндөмдүү экенин далилдейт.

Башка жанылыктар

Тойбосс Эл аралык каржылык отчеттуулук стандарттарына өтүү
Май 23, 2023

Эл аралык каржылык отчеттуулук стандарттарына өтүү

Биз 2023-жылдын жазында аудиттен ийгиликтүү өтүп, Эл аралык каржылык отчеттуулук …

Тойбосс Рамазан айында ооз ачууга 2000 пакет тараттык
Апрель 5, 2024

Рамазан айында ооз ачууга 2000 пакет тараттык

Ыйык Рамазан айында биздин компания орозо кармаган адамдарга 2000 азык-түлүк …

Тойбосс Азирети Муфтий «Тойбосс» ишканасын зыярат кылды
Апрель 3, 2024

Азирети Муфтий «Тойбосс» ишканасын зыярат кылды

3-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар …

Тойбосс "Тойбосс" менен Эл аралык Финансылык Корпорациянын жолугушуу
Март 2, 2024

"Тойбосс" менен Эл аралык Финансылык Корпорациянын жолугушуу

2-мартта, Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлор кеңешинин делегациясы Борбордук Азияга …

Тойбосс Каракол шаарынын жолдорун асфальттоо
Ноя. 2, 2023

Каракол шаарынын жолдорун асфальттоо

«Тойбосс» компаниясы Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга мүмкүн болгон салымын кошту. …

Тойбосс "Тойбосс" негиздөөчүлөрү Барскоон айылында жаңы балдар бакчасын курушту
Авг. 28, 2023

"Тойбосс" негиздөөчүлөрү Барскоон айылында жаңы балдар бакчасын курушту

Тойбосс компаниясынын негиздөөчүлөрү Ысык-Көл областы, Жети-Өгуз району, Барскоон айылына жаңы …

Тойбосс Ош шаарында “Тойбосс Сэндвич” цехинин ачылды
Июль 4, 2023

Ош шаарында “Тойбосс Сэндвич” цехинин ачылды

2023-жылдын 15-июнунда Ош шаарында “Тойбосс” брендинин сэндвичтерди чыгаруу заводу ачылды. …

Тойбосс Бишкекте «Тойбосс Сэндвич» заводу ачылды
Авг. 30, 2024

Бишкекте «Тойбосс Сэндвич» заводу ачылды

30-августта, Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсу 2/3Б дареги боюнча «Снэк Фудс» («Тойбосс …

Тойбосс Той Fest: Тойбосстун 15 жылдыгын белгилөө
Сен. 15, 2024

Той Fest: Тойбосстун 15 жылдыгын белгилөө

15-сентябрда «Ынтымак-2» паркында «Тойбосс» соода маркасынын 15 жылдыгына арналган Той …

Тойбосс Кыргыз Республикасынын Президенти «Адал Азык» башкы директорун сыйлады
Янв. 2, 2025

Кыргыз Республикасынын Президенти «Адал Азык» башкы директорун сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий …

Тойбосс Кыргыз тилин колдоого жаңы кадам: «Тойбосс» 50 мектепке 2700 балдар китебин тартуулайт
Март 20, 2025

Кыргыз тилин колдоого жаңы кадам: «Тойбосс» 50 мектепке 2700 балдар китебин тартуулайт

Кыргызстанда балдардын китепке жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү маанилүү долбоор ишке ашты

Тойбосс «Тойбосс» компаниясы FSSC 22000 (версия 6.0) эл аралык сертификатын алды
Март 27, 2025

«Тойбосс» компаниясы FSSC 22000 (версия 6.0) эл аралык сертификатын алды

«Тойбосс» компаниясы FSSC 22000 (версия 6.0) эл аралык сертификатын ийгиликтүү …

Тойбосс «Тойбосс» «ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» акциясына катышып, ыраазычылык кат алды
Май 6, 2025

«Тойбосс» «ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» акциясына катышып, ыраазычылык кат алды

15-апрелде бүткүл Кыргызстан боюнча «ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» аттуу экологиялык акция …

Тойбосс «Тойбосс» Карагач багына көчөт отургузду: БААУнун экологиялык демилгеси
Апрель 15, 2025

«Тойбосс» Карагач багына көчөт отургузду: БААУнун экологиялык демилгеси

БААУнун Инновациялык колледжи тарабынан уюштурулган экологиялык демилгенин алкагында «Тойбосс» жамааты Карагач …