"Тойбосс" менен Эл аралык Финансылык Корпорациянын жолугушуу
2-мартта, Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлор кеңешинин делегациясы Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында компаниябыздын Чүй областынын Новопокровка айылындагы заводуна келишти. Делегациянын өкүлдөрү компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесстери менен таанышып, эң жаңы жабдууларды жана цехтин мүмкүнчүлүктөрүн баалай алышты. Конокторго «Тойбосс» компаниялар тобунун 15 жылдык тарыхы, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, ошондой эле өнүгүү пландары тууралуу айтып беришти. Тараптар «Тойбосс» компаниясы менен Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансылык корпорациясынын (IFC), компаниянын өнүгүүсүн колдоо максатында инвестициялык жана консалтингдик долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты. «Биз Эл аралык финансылык корпорациясын ишенимдүү бизнес өнөктөшү катары карайбыз. Биздин кызматташтыгыбыз өндүрүштү өнүктүрүүгө дагы да күчтүү түрткү болот», – деп өз пикирин бөлүштү башкы директор Мырзабек Орумбаев. Компания жаңы инкубаторийлерди курууну, экспорттук продукциянын географиясын жана ассортиментин кеңейтүүнү пландап жатат. «Тойбосс» маркасы алдындагы бардык эт азыктары ГОСТ жана Халал талаптарына жооп берет. Ошондой эле Компаниянын өндүрүшү ISO 22000:2005, ISO/TS 22002-1:2009 стандарттарынын жана FSSC 22000 азык-түлүк коопсуздук системаларын сертификациялоо программасынын талаптарына, ошондой эле ХАССП тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө системасынын принциптерине жооп берет. 2015-2017-жылдары IFC «Тойбосс» компаниясына, FSSC 22000 талаптарына ылайык, тамак-аш продукциясынын коопсуздугун башкаруу системасын киргизүүгө жардам берген.