«Тойбосс» «ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» акциясына катышып, ыраазычылык кат алды
15-апрелде бүткүл Кыргызстан боюнча «ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» аттуу экологиялык акция башталды. Анын максаты — бир ай ичинде 3 тонна колдонулган батарейкаларды чогултуу жана адамдарды таштандыларга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөө.
«Тойбосс» бул маанилүү долбоорго активдүү катышуучу катары кошулду.
Акциянын алкагында «ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» командасы атайын чогултуу пункттарын орнотуп, ички экологиялык иш-чараларды өткөрүп, эң активдүү катышуучулар үчүн белектерди даярдады.
«Тойбосс» демилгени колдоп, кызматкерлерди жана өнөктөштөрдү батарейка чогултууга тартып, компания ичинде атайын маалыматтык кампания жүргүздү.
5-июнда долбоор расмий түрдө жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгында «Тойбосс» компаниясы экологияга кошкон активдүү салымы үчүн ыраазычылык кат алды.
«Тойбосс» үчүн мындай акцияларга катышуу — бир жолку иш-чара эмес, ал компаниянын туруктуу өнүгүү стратегиясынын бөлүгү. Компания буга чейин эле Президенттин демилгеси менен башталган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясына кошулуп, бактарды отургузуу, экологиялык тренингдерди өткөрүү жана өндүрүштө жашыл технологияларды киргизүү менен иш алып барууда.
«ТВОЙ ЭКО ЗАРЯД» долбооруна катышуу бул иштердин логикалуу уландысы болуп, компаниянын баалуулуктарын чагылдырат.