Март 27, 2025
«Тойбосс» компаниясы FSSC 22000 (версия 6.0) эл аралык сертификатын алды
«Тойбосс» компаниясы FSSC 22000 (версия 6.0) эл аралык сертификатын ийгиликтүү жаңылады!
Аудиттин жыйынтыгында TÜV Thüringen эл аралык сертификация органы "Тойбосс" компаниясынын оңдоочу аракеттерин кабыл алып, өндүрүштүн FSSC 22000 акыркы 6.0 версиясына шайкештигин расмий түрдө тастыктады.
2017-жылдан бери, компания бул стандарт боюнча иштеп келет. Бул аралыкта «Тойбосс» азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз системасын үзгүлтүксүз өнүктүрүп, жогорку сапатты карманууда. Сертификатты жаңылоо — бул биздин стандарттарга берилгендигибиздин дагы бир далили.
Команданы куттуктайбыз!
йбыз!