Ошто ТОЙ ФЕСТ 2025: 2000ден ашуун конок, фуд-зона, сынактар жана ТОЙБОССтун концерти
13-сентябрда Оштогу Токтогул Сатылганов атындагы паркта күздүн эң чоң окуясы — ТОЙ ФЕСТ «ТОЙБОСС» компаниясынан өттү.
2000ден ашуун конок музыкадан, салт-санаадан жана даамдуу тамактан ырахат алышты. Фестивалда ата мекендик бренддердин чоң фуд-зонасы, оюндар жана мастер-класстар менен өзүнчө балдар аянтчасы иштеди. Ошондой эле «ТОЙБОСС» компаниясынын кыргыз тилиндеги жаңы китеби — «Короо оюндары» тааныштырылды.
Конокторду ар кандай сынактар жана розыгрыштар күтүп турду, анын ичинде башкы белек — ТОЙБОСС колбасасынын бир жылдык запасы.
Майрамдык маанайды Айдана Дека, Замир Мырза, Арууке жана Аваз Акимов жаратты. Кечкинин хедлайнери Freeman996 болуп, элди күчтүү энергиясы менен сугарып берди.
ТОЙ ФЕСТ — бул жөн гана майрам эмес. Бул маданият, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана муундан-муунга өтүп турган салттар жөнүндө. Бул күн бардык коноктордун жүрөгүндө өчпөс таасир калтырып, дагы бир жолу кубаныч бириктирээрин далилдеди