«Тойбосс» – «2025-жылдын Компаниясы» болду
20-сентябрда Кыргызстанда «Ишкерлер күнү» белгиленет. Ушул майрамдын урматына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Адал Азык» ЖЧКсын («Тойбосс») «2025-жылдын Компаниясы» ардактуу наамы менен сыйлады. Салтанаттуу иш-чарада сыйлыкты ишкананын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тапшырды.
Мындай ардактуу наамга «Тойбосс» бренди тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, ошондой эле ата мекендик товарларды жана кызматтарды чет өлкөлөргө илгерилеткени үчүн ээ болду.
Бул жөн эле эмес. «Тойбосс» продукциясы КМШ өлкөлөрүндө кеңири суроо-талабына ээ. Бардык ассортимент ГОСТ жана Халал талаптарына, ISO 22000:2018 эл аралык стандарттарына, FSSC 22000 азык-түлүк коопсуздугу тутумунун сертификатына, ошондой эле ХАССП азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө системасынын принциптерине жооп берет.
Ишкана суткасына 60 тонна продукция чыгарат. Чийки затты сактоодон тартып даяр продукцияны таңгактоого чейин ар бир этапта компания санариптик көзөмөлдөө технологиясын колдонот, бул сапатты толук көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Өзгөчө нерсе – Борбордук Азияда мындай системаны өндүрүштө биринчи болуп «Тойбосс» киргизген, ал эми Европада болсо аны жаңыдан өздөштүрө башташты.
«Адал Азык» ЖЧКсы үчүн «2025-жылдын Компаниясы» наамы – бул жөн гана сыймык эмес, жаңы багыттарды өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада позициясын чыңдоого чоң дем.