«Адал Азык» компаниясы Чүй облусунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат алды
«Адал Азык» компаниясы («Тойбосс» соода маркасы) Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана аймактагы ишкердикти колдоого багытталган активдүү ишмердүүлүгү үчүн сыйлыкка татыды.
Сыйлык Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов тарабынан аймакты өнүктүрүүгө арналган стратегиялык форумдун алкагында тапшырылды. Иш-чарага бизнес-коомчулугунун 100дөн ашуун өкүлү катышты.
«Бул сыйлык — биздин эмгегибизге жана иш алып барган аймакка болгон жоопкерчилигибизге берилген баа. Биз Чүй облусунун өнүгүшүнө мындан ары да салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоону жана сапаттуу адал азыктарды өндүрүүнү улантабыз», — деп белгиледи компаниянын өкүлү.
Форумдун жүрүшүндө өндүрүш тармагын колдоо, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. «Адал Азык» компаниясы бул багыттарда активдүү иш алып барып, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жумуш орундарын көбөйтүүгө салым кошуп келет.