Тойбосс компаниялар тобу 2025-жыл жана 2026-жылдын I чейрегинде бюджетке 1,3 млрд сомдон ашык салык төлөдү
«Тойбосс» компаниялар тобу — вертикалдуу интеграцияланган агроөнөр жай холдинги — 2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылдын биринчи чейреги боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине 1 313 258 496 сом салык төлөдү.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдүн көлөмү 943,5 млн сомду түзсө, 2026-жылдын биринчи чейрегинде 369,7 млн сомду түздү.
«Тойбосс» үчүн салык төлөө — бул жөн гана милдет эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салым. Бул көрсөткүчтөрдүн артында жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүштү өнүктүрүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө салым бар.
Компания социалдык төлөмдөр боюнча милдеттенмелерин толук аткарып, кызматкерлердин пенсиялык топтомдорунун түзүлүшүн жана социалдык корголушун камсыздайт.
Салык төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча «Тойбосс» Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн катарына кирет. Бул көрсөткүчтөр бизнестин туруктуу өнүгүүсүн жана өндүрүштүн кеңейишин көрсөтөт.