Кыргызстан аймактары үчүн Рамазан 2026 орозо календары
Урматтуу достор!
Ыйык Рамазан айынын башталышы менен «Тойбосс» компаниясы сиздерди чын жүрөктөн куттуктайт. Бул ыйык ай жашооңуздарга руханий жарык, тынчтык жана береке алып келсин. Ден соолук, ынтымак жана ибадатта ихлас тилейбиз.
Биз Кыргызстан аймактары үчүн орозо календарын даярдадык: Баткен, Бишкек, Ош, Каракол, Кызыл-Кыя, Балыкчы, Манас, Раззаков, Нарын жана Чолпон-Ата.
Ар бир календарда орозонун башталышы жана аякташы так көрсөтүлүп, ошондой эле сәреси жана ооз ачуу үчүн дубалар берилген.
Аймактык убакыт айырмачылыктарына көңүл буруңуздар:
-
Нарын облусу — 6 мүнөт эртерээк
-
Каракол — 10 мүнөт эртерээк
-
Балыкчы — 5 мүнөт эртерээк
-
Ош облусу — 12 мүнөт кечирээк
-
Чоң-Алай — 17 мүнөт кечирээк
-
Жалал-Абад облусу — 15 мүнөт кечирээк
-
Токтогул — 10 мүнөт кечирээк
-
Баткен облусу — 25 мүнөт кечирээк
-
Чаткал — 25 мүнөт кечирээк
-
Талас облусу — 8 мүнөт кечирээк
Ооз ачуу — үй-бүлө бир дасторкондо чогулган өзгөчө учур. Бул берекелүү мезгилди жакындарыңыздар менен жылуу маанайда өткөрүңүздөр.
Ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак жана береке каалайбыз.
Рамазан айыңыздар кут болсун!