"Тойбосс" Бишкек сыноо, сертификация жана метрология борбору тарабынан берилген "Халал" шайкештик сертификатын расмий түрдө алды
ОСОО «Адал Азык» Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Бишкек сыноо, сертификация жана метрология борборунан расмий «Халал» шайкештик сертификатын алды.
Бул сертификат «Тойбосс» соода белгисинин колбаса продукциялары КМС OIC/SMIIC 1:2022 «Халал азыктарын даярдоонун жалпы жетекчилиги» эл аралык жана улуттук стандарттарына толук шайкеш өндүрүлөрүн тастыктайт.
«Халал» сертификаты эмнени тастыктайт?
Сертификат төмөнкүлөрдү ырастайт:
-
Өндүрүштө иштеген персонал атайын окутуудан өтүп, «Халал» талаптарын так сактайт.
-
Өндүрүш процесси толугу менен OIC/SMIIC 1:2022 стандартына шайкеш жүргүзүлөт.
-
Жабдуулар жана техникалык документация продукцияны коопсуз жана туура чыгарууну камсыздайт.
-
Өндүрүш жайлары жана санитардык шарттар «Халал» талаптарына жооп берет.
-
Чийки зат жана ингредиенттер шариатка ылайык уруксат берилген деп тастыкталган.
-
«Тойбосс» колбаса продукцияларынын өндүрүү, иштетүү жана сактоо этаптары ветеринардык эрежелерге жана Шариаттын талаптарына толук ылайык жүргүзүлөт.