Тойбосс эл аралык FSSC 22000 (6-версия) стандартына шайкештигин ырастады
«Тойбосс» соода белгиси FSSC 22000 (6-версия) эл аралык стандартына шайкештигин дагы бир жолу ийгиликтүү аудиттен өтүү аркылуу тастыктады.
Акыркы 8 жылдан бери «Адал Азык» ЖЧКсы «Тойбосс» бренди менен чыгарылган продукциясынын эл аралык ISO 22000 стандартына жана FSSC 22000 талаптарына шайкештигин туруктуу түрдө аудиттер аркылуу ырастап келет.
Аудит Германиянын көз карандысыз органы — TÜV Thüringen e.V. тарабынан жүргүзүлдү. Бул уюмдун сертификаттары дүйнө жүзү боюнча таанылып, эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктайт.
2017-жылдан бери «Тойбосс» бул аудиттен жыл сайын өтүп, өндүрүшүнүн жогорку деңгээлин далилдеп келет.
Бул сертификат эмнени билдирет
FSSC 22000 — азык-түлүк коопсуздугу боюнча эң катуу эл аралык стандарттардын бири. Ал ISO 22000:2018, ISO/TS 22002-1:2009 жана 6-версиянын кошумча талаптарын камтып, өндүрүштүн бардык этаптарын — чийки затты кабыл алуудан тартып даяр продукцияны таңгактоого чейин көзөмөлдөйт.
Кыргызстанда мындай деңгээлдеги сертификатка ээ болгон компаниялар аз. «Тойбосс» алардын катарына кирет.
Бул жылы сертификацияга эмне кирди
Быйыл сертификациянын чөйрөсүнө бышырылган жана жарым ышталган колбасалар, эт деликатестери менен катар биринчи жолу тез тоңдурулган эт жарым фабрикаттарын өндүрүүчү цех да кирди. Бул — компаниянын жаңы багыты болуп, ал башынан эле эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык иш алып барат.