«Тойбосс» компаниясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды
2026-жылдын 5-июнунда «Тойбосс» компаниясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чара туруктуу өнүгүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин, илимий коомчулуктун жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.
Сыйлоо аземинин алкагында «Тойбосс» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого кошкон чоң салымы жана үлгүлүү кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Бул сыйлык компаниянын экологиялык жоопкерчилик жаатындагы ырааттуу ишмердүүлүгүнүн жана жаратылышты коргоого багытталган демилгелерди колдоосунун жогорку баасы болуп саналат. Мындай кызматташуунун мисалдарынын бири — Министрлик менен биргеликте өткөрүлүп жаткан «Таза из» республикалык экологиялык акциясына катышуусу.
Айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу компаниянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Өндүрүштүк аянттарда ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, экологиялык практикаларды өркүндөтүүгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтууга багытталган чечимдер ишке ашырылууда. Ошондой эле компания экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга көмөктөшкөн демилгелерди колдойт.
«Тойбосс» көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирет жана бул сыйлыкты мамлекеттин, бизнестин жана коомдун туруктуу өнүгүү багытындагы биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн тастыктаган жогорку баа катары кабыл алат. Компания мындан ары да экологиялык демилгелерди колдоп, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган долбоорлорго активдүү катышууну улантат.