«Тойбосс» Кыргызстандын 100 мектебине 3 миңден ашуун китеп тапшырды
5-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын 100 мектебине кыргыз тилиндеги 3 миңден ашуун китепти тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Демилге «Тойбосс» компаниясы, «Турар» басмасы жана «Тоо балдары» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.
Долбоордун алкагында мектеп китепканаларына кыргыз тилиндеги 3 287 китептен турган 173 китеп куржуну тапшырылат. Долбоор балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, мамлекеттик тилди жайылтууга жана окуучулардын кыргыз тилиндеги сапаттуу адабияттарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, «Адал Азык» ЖЧКсынын башкы директору Мырзабек Орумбаев, «Турар» басмасынын, «Тоо балдары» фондунун өкүлдөрү жана долбоордун авторлору катышты.
«Бул жөн гана китептер эмес. Бул балдардын кызыктуу окуялар аркылуу эне тилин үйрөнүүсүнө, маданияты жана салттары менен байланышын бекемдөөсүнө, ошондой эле кичинекей кезинен тартып китеп окууга болгон сүйүүсүн калыптандырууга мүмкүнчүлүк», — деди «Адал Азык» ЖЧКсынын башкы директору Мырзабек Орумбаев.
«Тойбосс» компаниясы бул демилгени экинчи жыл катары менен колдоп келет. Өткөн жылы китептер өлкөнүн 50гө жакын мектебине жеткирилсе, быйыл долбоордун масштабы кеңейип, 100 мектепти камтыды.
Билим берүүнү, китеп окуу маданиятын жана кыргыз тилин өнүктүрүүнү колдоо «Тойбосс» компаниясынын коом алдындагы узак мөөнөттүү жоопкерчилигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.