«Тойбосс» бренди KazanForum 2026 алкагындагы ири Halal Expo көргөзмөсүнө катышты
«Тойбосс» соода белгиси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал-индустриясын өнүктүрүү борборунун колдоосу менен 2026-жылдын 12–17-май күндөрү KazanForum алкагында өткөн ири эл аралык Halal Expo көргөзмөсүнө катышты.
Көргөзмөгө катышуу Кыргызстандын продукциясын эл аралык деңгээлде таанытууга, halal-индустриясынын эксперттери менен тажрыйба алмашууга жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Көргөзмөдө «Тойбосс» эл аралык сапат стандарттарына жана halal талаптарына ылайык өндүрүлгөн эт азыктарын жана деликатестерди сунуштады.
Компания үчүн мындай эл аралык аянтчаларга катышуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана ата мекендик брендди дүйнөлүк рынокто таанытуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.