Апрель 27, 2026
Тойбосс заводунда өрт-тактикалык машыгуулар өттү
22-апрелде Тойбосс заводунун аймагында Чүй облусунун Ысык-Ата району жана Кант шаарынын өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — ишканада өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерди иштеп чыгуу жана кызматкерлердин ыкчам аракеттенүүгө даярдыгын күчөтүү болду.
Машыгуунун жүрүшүндө эки өрт өчүрүүчү эсеп тартылып, кызматкерлерге өрт коопсуздугунун эрежелери жана өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер боюнча нускама берилди.
Тойбосс компаниясында кызматкерлердин жана өндүрүш процесстеринин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Мындай иш-чараларды өткөрүү коопсуз өндүрүш чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча системалуу иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Башка жанылыктар
Бардык укуктар корголгон. «Адал Азык» ЖЧКсы 2012-2026