Айыл чарба министри Кеминдеги комплекстин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты
5-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Кемин районунда курулуп жаткан «Агро Куш — Кемин» өндүрүш комплексинин аянтына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр комплекстин башкы планы менен таанышып, курулуш аянтын көрүп чыгып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүнө баа берди.
«Агро Куш» ЖЧКсынын башкы директору Аскат Доктурбаевич Абдрахманов жана «Адал Азык» компаниялар тобунун («Тойбосс» соода маркасы) башкы директору Мырзабек Орумбаев болочок өндүрүштүн негизги объектилерин тааныштырып, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы этаптары тууралуу маалымат беришти.
Долбоордун алкагында тоют өндүрүүчү завод, 24 заманбап кушканадан турган канаттууларды өстүрүүчү эки аянтча, инкубаторий жана тоңдурулган эт азыктарын сактоочу кампа курулат. Комплекстин жалпы аянты 100 гектардан ашат.
Жаңы тоют заводунун өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 30 тоннаны түзөт. Инкубаторий жылына 10 миллиондон ашык бройлер балапанын чыгарууга, ал эми тоңдургуч кампа 3,3 миң тоннага чейин продукцияны бир убакта сактоого ылайыкталат.
Долбоорду толук ишке ашыруу 2027-жылга пландалган.
Комплекстин курулушу өлкөдө канаттуулардын этин жана тоютту өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, Кемин районунда жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү өстүргөн дан өсүмдүктөрү үчүн туруктуу сатуу рыногун калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Маалымат үчүн:
«Агро Куш» ЖЧКсы «Адал Азык» компаниялар тобуна кирет жана канаттуулардын этин толук жабык өндүрүш цикли боюнча чыгарат. Бул цикл тоют даярдоодон жана жумурткаларды инкубациялоодон тартып, бройлерлерди өстүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана даяр продукцияны сатууга чейинки бардык этаптарды камтыйт.
Жаңы объектилер ишке берилгенден кийин тоют өндүрүүнүн көлөмүн жылына 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Долбоор ата мекендик канаттуулардын этин өндүрүүнү көбөйтүүгө жана Кыргызстандын ички рыногунун импортко болгон көз карандылыгын азайтууга өбөлгө түзөт.