Тойбосс этно-STEM долбоорун колдоду: 31 бала бакча билим берүү комплекттерин алды
2026-жылдын 31-мартында Кант шаарындагы «Ручеек» бала бакчасында Ысык-Ата районуна жана Кант шаарына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына этно-STEM комплекттерин тапшыруу аземи өттү.
Долбоордун алкагында 31 бала бакчага балдардын илимге, технологияга, инженерияга жана математикага болгон кызыгуусун эрте калыптандырууга багытталган, улуттук маданий элементтерди камтыган комплекттер берилди. Бул демилге балдардын ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана дүйнөнү түшүнүүсүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, билим берүү тармагынын жана бизнес өкүлдөрү катышты.
Этно-STEM долбоорунун негиздөөчүсү Солдатбек Рысбек уулу комплекттердин мазмунун тааныштырып, аларды колдонуу жолдорун көрсөттү.
«Тойбосс» компаниясы долбоордун өнөктөшү болуп, билим берүү демилгелерин колдоо аркылуу келечек муунга инвестиция салуу өзүнүн маанилүү багыты экенин дагы бир жолу тастыктады.