Тойбосс IFC регионалдык директору менен жолугушту
International Finance Corporation кеңсесинде Пакистан, Афганистан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча жаңы регионалдык директор Simon Andrews катышкан жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу таанышуу жана бейформал форматта өтүп, учурдагы кызматташуу жана мындан аркы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушууга IFC өкүлдөрү — Дмитрий Пятаченко, Хью Ридделл, Ирода Азизова, Бозор Давлатмамадов жана Лукас Кейси катышты.
ОсОО «Адал Азык» (ТМ «Тойбосс») тарабынан башкы директор Мырзабек Орумбаев, финансылык директор Аскар Арпачиев, эколог Саида Чубарова, маркетинг жана PR директору Дарика Алдашева жана кайтарым байланыш боюнча адис Дастан Кадыров катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Тойбосс» компаниялар тобу тууралуу маалымат берилип, ошондой эле 2025-жылдын июль айында кол коюлган IFC менен кызматташуу келишиминин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор кыскача талкууланды.
Тараптар мындан аркы диалогду улантуунун жана өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.